МАГМАТИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГМАТИЗМ - магманын эрип, өзгөрүп, орун которуштуруп, катуу тоо тектер менен өз ара ара­кеттенип жана сууп, тоо текке айланышы менен байланышкан процесстер. Жер кыртышынын терең бөлүгүндө ар кандай физикалык-химиялык процесстер­ден пайда болуучу балкыган ысык магманын курамындагы суу буулары менен газдар магманы суюк жана кыймылдуу абалга алып келет. Ты­гыздыгы төмөндөп, салмагы жеңилдеп, жогору көздөй көтөрүлөт. Магманын алган ордуна, кый­мыл-аракетине жараша терендиктеги (интрузия) жана жер бетиндеги (эффузия же вулканизм) М. болуп ажыратылат: 1) интрузия М-инде маг­ма жер бетине көтөрүлүп чыкпай, тереңдиктеги боштуктарды ээлейт. Өтө жай сууп, курамын­дагы минералдар толугу менен кристаллдашып, толук кристаллдуу текке айланат (мисалы, гранит); 2) эффузия М-инде магма терең жаракалар менен жогору көтөрүлүп, жер бетине жанартоо болуп атылат. Натыйжада магманын курамындагы СУУ буулары, газдар атм-га тарап кетет. Суу буу­лары менен газдан ажыраган мындай магма лава Р,ет1 аталат. Лава атм-нын каршылыгына учу­рап, өтө тез сууйт. Курамындагы минералдар кристаллдашууга үлгүрбөйт. Кристаллы жок аморфтуу тек келип чыгат (мисалы, базалът). М., ошондой эле алган орду боюнча геосинклиналдык, плат­формалык, океандык, активдүү аймактык; те­рендиги боюнча абиссалдуу, гипабиссалдуу, жер бе­тиндеги (вулканизм); магманын курамы боюнча ултьранегиздүү, негиздүү, кычкылдуу, жегичтүү болуп бөлүнөт.