МАГЕЛЛАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГЕЛЛАН, Магальяйнш Фернан [(пор­тугалча Ма^аИшагез, испанча Ма^аПапез), бол­жолдуу 1480-жылы чен, Португалия Траз-уж-Мон­тиш обл., Саброза - 27. 4. 1521, Филиппин, Ман­тан а.] - португа­лиялык деңиз сая­катчысы. Анын

экспедициясы Жер шарын би­ринчилерден бо­луп айланып чык­кан. Малакка ж. а-на 2 жолу (1509, 1511) жет­кен. Испаниялык экспедицияны 1519-21-ж. жетек­теген. Экспеди­циянын

жүрүшүн­дө М. алгачкылардан болуп Түштүк Американы Оттуу Жер архипелагы менен материктин орто­сундагы кысык аркылуу (Магеллан кысыгы) ай­ланып, Тынч океанды кесип өтүп, Филиппин а-на жеткен. Ал жерде жергиликтүү калк менен кагылы­шууда курман болгон. 1522-жылы М-дын экспеди­циясынан калган бир кеме (X. С. Элькано баш­карган «Виктория» кемеси) Африканын

түшту­гүн айланып өтүп, Испанияга кайткан. Бул сая­катта Жердин шар формасында экендиги жана бирдиктүү Дүйнөлүк океандын бар экендиги би­ротоло далилденген.

Ад.: Цвейг С. Подвиг Магеллана. 4-е изд. М., 1980; Ла П. В. Подобно солнцу...: Жизнь Ф. Магеллана и первое кругосветное путешествие. М., 1988.