МАВРЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАВРЛАР, (грекче шаигбз - кара) м а в р и т а­ниялыктар, бейдандар-1)Мавритания­нын жергиликтүү калкы - араб-берберлер. Сенегал (120 мин), Батыш Сахара (240 миң), Мали (160 миң), Марокко (30 миң), Нигер (155 мин), Гамбия жана Гвинеяда жашашат. Жалпы саны 3 млнго жакын (2010). Араб жана француз

ти­линде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - мусул­ман-сунниттер. М-дын ата-бабалары 1-миң жыл­дыктын

ортосунда Мавританияга жер которуп келген бербер уруулары - санхажа жана гетул­дар. 11-к-дан М-да исламдаштыруу жана арабдаш­тыруу процесси башталган. М. 19-к-дын орто­сунан Франциянын колониясына айланган. 1960-жылы М. көз карандысыз Мавритания Ислам Респ-на ээ болушкан. Негизги кесиби - мал чар­бачылык, дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк, 2) Шри-Ланкадагы эл (ларакаллалар). Саны 1250 миң. Тамиль, сингаль жана араб тилдерин­де сүйлөшөт. Динге ишенгендери - мусулман­сүннөттөр. М. - тамиль жана сингаль уруулары­нын аралашуусунан пайда болгон мусулмандар­дын тукумдары.