МАВЗОЛЕЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАВЗОЛЕЙ, к ү м б ө з - мүрзө үстүнө тургу­зулган монументтүү курулуш (эстелик). Кария падышасы Мавсолдун (биздин заманга чейинки 4-к-дын орто чени) Галикарнастагы бейитине курулган эстеликтен улам ушундай аталган. Бул эстелик сыяктуу башка дагы антикалык М-лер курулган. Ба­йыркы Римде Адриандын М-и (Сан-Анжела се­пили), о. кылымда Сен-Ремидеги үч ярустуу М. Чыгышта мусулмандардын табынуучу жана ажыга баруучу ыйык жайына айланган. Мүрзө­лөрдүн үстүнө тургузулган курулуштар көлөмү жана жасалга кооздуктары менен айырмаланган. Бухарадагы Исмаил Саманинин М-и (9-10-к.), Самарканддагы Тимур жана Тимуриддердин, Гур­эмир (Эмирдин көрү) (1403-04), Аградагы Таж­Махал (Шах Жахан менен анын аялынын күмбөзү,

1630-52), Европада ак сарай-парк ансамблдери чакан формаларда кеңири тараган (Павловски­деги Павел 1нин М-и, 1805-08). 20-к-да дворян­дык чарбактар, некрополдор (Эрлангерлердин үй­бүлөлүк М-и, Москва, 1914) курулган. Социалисттик арх­рада М. куруунун композициялык жаңылык­тары табылып, ага трибунанын кошо салыны­шы М-ге олуттуу коомдук маани берген (мисалы, Лениндин Москвадагы, 1924, 1929-30; Г. М. Ди­митровдун Софиядагы, 1949; Сухе-Батор менен Чойбалсандын Улан-Батордогу 1950; Хо Ши Мин­дин Ханойдогу, 1975 ж. б.).