МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯСЫ
МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯСЫ (ЬйогшаНоп 1ес1шо1о£у), компьютер технологияс ы - информатиканын бөлүмү; ар кандай маалыматты иштеп чыгууда пайдаланылуучу компьютердик жана телекоммуникациялык технологиялар. Анда башкаруу чечимдерин даярдоо жана кабыл алууга байланышкан маалыматты өндүрүүнүн технол. процесстерин кароо кабыл алынган. М. т. компьютердин түзүлүшү, программалык жабдык, иштетүү системалары, программалоо, берилиштер базасы ж. б. сыяктуу фундаменталдык бөлүктөрдөн турат. М. т. маалыматтарды жыйноо, жиберүү, сактоо жана иштетүү процесстерин камтыйт. Азыркы учурда М. т. өз алдынча илимий багыт катары калыптанууда, анын изилдөө багытын маалымат процесстерин рационалдуу уюштурган жолдор, ал эми предметин болсо, М. т. түзгөн ыкмалар (методдор) жана теориялык негиздер түзүүгө тийиш. Компьютерге берилишти киргизүү, аны иштетүү, алынган маалыматты чыгаруу жана сактоо атайын жабдуулар (түзүлүштөр) аркылуу аткарылат. Бул жабдууларга берилишти киргизгич жана маалыматты чыгаргыч түзүлүш, системалык блок, сактагыч түзүлүш жана байланыш түзүлүштөрү кирет. М. т. компьютерде текст түзүү системасында берилиш базасын пайдаланууда жана компьютер тармагы аркылуу кабар берүүдө, ал эми телекөрсөткүч станцияларда көрүүчүлөрдү телетекст менен камсыз кылууда ж. б. пайдаланылат.
Ад.: Сухомлинов В.А. Введение в анализ информационных технологий. М., 2003; Левин В. И. История информационных технологий. М., 2007.