МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ (1п£огта11оп 8уз1ет) - өз учурунда, так жана пайдалуу маа­лымат менен камсыз кылуучу элементтер жы­йындысы. М. с. компьютердик жана коммуника­циялык жабдыктар, программалык камсыздоо, маалымат ресурстарынан турат. Компьютерде М. с. алты элементти (компьютердин аппарат каражаттары, программалык жабдык, так бери­лиштер, М. с-нын адистери, кабар колдонуучу­лар жана катталган жол-жоболор) камтыйт. Ар бир элемент М. с-нын ийгиликтүү иштешине салым кошот, ал эми тескерисинче бул элемент­тердин биринин начарлашы М. с-нын иштен чы­гышына алып келет. М. с. пландоо, анализдөө, иштеп чыгуу, аткаруу жана кодго айландыруу деп аталган кадамдардан турат. Анализдөө кадамы­нын аягында мекеме иштеп чыгуу же жаңы са­тып алуу чечиминин алдында турат, башкача айтканда сырт­кы булактан комплекстик пакет сатып алуу же талапты канааттандырган программалык жаб­дыкты жаңыдан түзүү керекпи деген суроо туу­латынча Эгерде компания программалык жабдык­ты иштеп чыгууну чечсе, анда сырткы булакта же ички программалык жабдыкты өркүндөтүү керектигин чечүү керек. Ички программалык жабдыкты өркүндөтүү чечилсе, анда ЗИЬСни иш­теп чыгуу кадамында программачыга иштеп чы­гуунун деталдуу талаптары коюлат. Бул иштеп чыгуу талаптары программа талаптарынын өзгө­чөлүк пакети деп аталып, ал ар бир программа

үчүн киргизүүгө, чыгарууга иштетүүгө жана бери­лиштерге карата коюлган талаптарды байла­ныштыруу кызматын аткарат.