ЛЯМБЛИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЯМБЛИЯ (ЬатЪИа) - зоомастигин классын­дагы шапалактуулар уруусу. Сүт эмүүчүлөрдүн (кишинин, коёндун, чычкандын), жерде-сууда жашоочулардын, айрым омурткасыздардын

ми­теси. Л-нын 2 сүйрү ядросу, 4 жуп шапалагы бар. Денеси алмуруттай, узундугу 8-30 мкм. Жону томпок, курсак жагы ийилип, ээсинин ичеги­сине жабыша турган соргучка айланган. Узуну­нан бөлүнүп көбөйөт. Ичегинин төмөн жагына келгенде цистага айланып, сыртка чыгат да, соо кишинин (жаңы ээси) ичке ичегисине, өт жол­доруна кирип, лямблиозду пайда кылат. ЮОдөн ашык түрү бар. 10 түрү сүт эмүүчүлөрдүн (чыч­кан, коён ж. б.), 1 түрү жерде-сууда жашоочу­лардын митеси.