ЛЮСТРАЦИЯ
ЛЮСТРАЦИЯ (латынча 1из1гаИо - курмандык чалуу менен тазаруу) - 1) ооруга жана ар кандай кырсыктарга каршы диний-магиялык ырым-жырым. Көп элдерде тазарткыч күч отко (адамдарды жана турак жайларды ыштоо), сууга, тузга, темирге ж. б. таандык деп эсептелген; 2) укукта - диктатордук, авторитардык режим менен кызматташкан адамдарды аныктоо жана мамлекеттик кызматты ээлөөгө, өкүлчулүк органдарга шайланууга жол бербөө иш-чаралары.