ЛЮПИН
ЛЮПИН (Ьуршиз), бөрү буурчакөсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумунун уруусу. Бир жана көп жылдык чөп, чала бадал, чанда бадал. Жалбырагы демейде манжа сымал. Гүлү түркүн түстө. Л-дин 1.00гө жакын (башка маалымат боюнча 200дөй) түрү эки жарым шардын мээлүүн алкагында, негизинен Түштүк жана Түндүк Америкада, Жер ортолук деңиз жээгинде, КМШ өлкөлөрүндө (5 турү) кездешет. Ошондой эле тоюттук сары Л. эгилет. Анын жашыл массасы - малга сиңимдүү тоют. Вир га жердеги Л-ден 300-400 ц жашыл масса, 15 цдей дан алынат. Көп жылдык Л-дин бийиктиги 1,5 ждей. Сабагы тик, гүлү ар кандай, суукка байымдуу. Ал көк жер семирткич катары пайдаланылат. Л-дин айрым түрлөрү кооздук үчүн да өстүрүлөт.