ЛУТФУЛЛИН
ЛУТФУЛЛИН Сулги (5. 1. 1923, Алматы - өлгөн жылы белгисиз) - Советтер Союзунун Баатыры (1945). 13-армиянын кенже лейтенанттык курсун (1945), Ленинград жогорку

соода мектебин (1951) бүтүргөн. 1938-жылдан Өзгөн элдик сотунда өкүм чыгаруучу болуп иштеген. 1942-жылы Өзгөн р-ндук аскер комиссариатынан Советтик Армиянын катарына чакырылган. 1943-жылдан Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Истребителдик-танкка каршы 493-Беричев полкунун курамында Воронеж жана 1- Украина фронтторунда салгылашкан; орудия командири катары Львов,
Ярославль багытында, Висла д-нын батыш жээгинде душмандын 8 танкын, 2 бронетранспортёрун талкалаган. 1945-жылы январда Одер д-нын батыш жээгиндеги Герцог-Сбольдау кыш. үчүн салгылашта душмандын 3 танкын, 1 бронетранспортёрун иштен чыгарган. Согуштан кийин Өзгөндө, Анжиянда соода тармагында иштеген. Ленин, эки Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.