ЛУКСОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛУКСОР — Египеттеги музей-шаар. Нил д-нын (орто ченинде) оң өйүзүндө, Байыркы Египет­тин борбору Фивынын калдыктарынын арасын­да жайгашкан. Калкы 488 миң (2010). Биздин заманга чейинки

21-11-к-да Египеттин борбору болгон. Аэропор­ту бар. Амон храм комплекси (15-13-к.; колон­надалары, статуялары жана сфинкс аллеялары менен) байыркы Фивынын урандылары менен бир­дикте Вүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Л. - эл аралык туризмдин ири борбору. Кол өнөрчүлүк (өзгөчө белек-бечкектер) өнүккөн. А. ч-луу райондун борбору.

Луксордогу Амон храмы. Биздин заманга чейинки 14-кылымдын ба­шы - 13-кылымдын аягы.