ЛУДХИАНА
ЛУДХИАНА — Индиядагы шаар. Сатлеж д-нын боюнда жайгашкан. Пенжаб штатынын соода жана ө. ж. борбору. Калкы 1,7 миллион (2010). Жолдор тоому. Текстиль, металл иштетүү, машина куруу ө. ж. ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (кездеме токуу) өнүккөн. А. ч. университети бар.