ЛУБУМБАШИ
ЛУБУМБАШИ (1966-жылы чейин Элизабетв и л ь) - Конго Демокр. Респ-нын (Заир) түштүк- чыгышындагы шаар. Шаба облусу администрациялык борбору. Калкы 1,6 миллион (2010). Эл аралык аэропорту бар. Жез эритүүчү, текстиль, химиялык ө. ж. ишканалары иштейт. Университет, Борбордук Африка ө. ж. изилдөө борбору, Африка этнографиясын жана африкалыктардын тилдерин окуп-үйрөнүү борбору бар.