ЛОУЭЛЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОУЭЛЛ Роберт (1. 3. 1917, Бостон - 12. 9. 1977, Нью-Йорк) - америкалык акын, котормочу. Лирика­сында (жыйнактары: «Лорд Уиринин сепили», 1946; «Этюддар», 1959; «Союз үчүн курман бол­гондор», 1964; «Күн артынан күн», 1977) авто­биографизм менен тарыхты түшүнүүгө умтулуу, өзүн өзү жемелөө, аргасыздык, адеп-ахлакка бол­гон ишеним чагылдырылган. Соңку ырларын­да сезимди эркин билдирүү, түйшөлүү, форма­нын тактыгы, тилинин жеткиликтүүлүгү, жо­горку чеберчилик менен айкалышкан. Ар түрдүү доорлордогу жана өлкөлөрдөгү акын-жазуучулар­дын чыгармаларын которгон.