ЛОСОСТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОСОСТОР (8а1тошс1ае) - лосось сымалдар түркүмүнүн тукуму. Денеси түрпү менен каптал­ган. Тузсуз сууларда жашоочу жана өтмө балык­тар. Тузсуз сууда гана көбөйөт. Тынч океан ло­сосу жана айрым башка Л. өмүрүндө бир гана жолу өрдөп, жумуртка таштайт жана андан ки­йин өлөт. Тукумчул эмес. Көбүнчө кумдуу, ша­гылдуу же таштуу суу түбүнө уя салат. Л-дун 6 уруусу (тынч океан лососу, таймендер ж. б.) бар. Алар Атлантика жана Тынч океандын Түндүк бөлү­гүндө, Түндүк Муз океандын алаптарындагы суу­ларда, Арал, Каспий, Кара деңиздерде кездешет. Тынч океан лососунун 7 турү Тынч океандын түндүк алаптарында жана Түндүк Муз океанга куйган сууларда кездешет. Маанилүү промысел объек­тиси. Саны азайып кеткендиктен, 11 түрү жана түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.