ЛОСОСЬ СЫМАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОСОСЬ СЫМАЛДАР (8а1тош£огтез) - кыл­кандуу балыктар түркүмү. Бор мезгилинен бел­гилүү. Дене узундугу 2,5 слгден 1,5 л«ге жетет. Өзөк скелети, баш сөөгү сөөккө толук айланган эмес. Үстүнкү жаагы жаак алдындагы жана үстүнкү жаак сөөктөрүнөн турат. Сүзгүчтөрүндө тикени жок. Курсак сүзгүчү 7-15 тарамдуу, жон сүзгүчү бирөө, анын артында көбүнүн май сүзгүчү бар. Түрпүсү циклоиддүү (тегерегирээк). Каптал сы­зыктары жакшы өөрчүгөн. 27 тукуму (лосостор, май канаттар, чортон балыктар, жылма баш балыктар ж. б.) белгилүү. Алар тузсуз сууда, деңиз жээгине жакын, теренде жашоочу жана өтмө

Лосось сымалдар: 1, 2 - сомдор; 3 - форель; 4 -каспий сому; 5 - кета.

балыктар. Түндүк жана Түштүк жарым шардын муз­дак, мелүүн жана тропик сууларында кездешет. Промыселдик мааниси чоң.