ЛОРЕНЦ
ЛОРЕНЦ (Лорентц) Хендрик Антон (18.7.1853, Арнем - 4.2.1928, Харлем) - нидерланддык физик, Петербург ИАнын чет элдик корр. мүчөсү (1910) жана СССР ИАнын чет элдик ардактуу мүчөсү (1925), проф. (1878). Лейден университетинде билим алган (1870-72). 1923-жылдан Харлемдеги Тейлор ИИИде директор болгон. Л. өзүнүн докторлук диссертациясында жарыктын чагылуу жана сынуусун Максвеллдин электр-магниттик теориясында караган жана эки чөйрөнүн кесилишинде 4 шарт пайда болорун көрсөткөн. Электрондук теориянын жардамы менен Л. металлдын жылуулук жана электр өткөрүмдүүлүк коэфф-теринин ортосундагы байланышты, Холл, Керр эффекттерин ж. б. көптөгөн кубулуштарды түшүндүргөн. Л. - өзгөртүп түзүү жана кыймылдуу чөйрөнүн электр-динамикасынын автору. 1895-жылы «жергиликтүү убакыт» түшүнүгүн киргизип, бир калыпта түз сызыктуу кыймылдаган эсептөө системасы үчүн Максвелл тендемелери болжолДУУ туура экендигин далилдеген. Нобель сыйл. лауреаты (1902, П. Зееман менен бирге).