ЛОНДОН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮ (1939)
ЛОНДОН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮ (1939) - Улуу Вритания менен фашисттик Германия өкүлдөрүнүн жашыруун макулдашуусу. Л. с. 1939-жылы июньавгустта өтүп, анда Версалъ тынчтык келишиминин (1919) айрым жоболорун кайра кароо жана колониялык маселелер боюнча макулдашууларга келүү мүмкүндүгү белгиленген. Англиянын сунушу боюнча Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европада Германиянын бөтөнчө мүдөөлөрүн аткаруу жана өз колониялык ээликтеринде Улуу Британиянын укугун таануу, бири-бирине кол салбоо (эки тарап тең агрессиядан баш тартуу), мындан тышкары саясий жана экономикалык жактан таасирлүү чөйрөлөрдү фашисттик Германия менен бөлүпгүү тууралуу жашыруун сүйлөшүүлөр жүргөн. Л. с-нүн жүрүшүндө Британия жетекчилиги фашисттик агрессияны Чыгыш Европага жана СССРге багыттоого умтулган. Бирок Англия менен Германиянын ортосундагы карама-каршылыктын тереңдиги, болгондо да фашисттик
Германиянын бүт дүйнөгө үстөмдүк кылууга умтулушу Л. с-нүн натыйжасыз аякташынын негизги себеби болгон.