ЛОНДОН (шаар)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОНДОН, Чоң Лондон (Greater London) - Улуу Британия Кошмо королдугунун жана Түндүк Ирландиянын борбору. Түндүк деңизинин жээ­гинде, Темза д-нын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан порт (жылына 60 миллион гжүк ташылат). Калкы 7,7 миллион (2010). Калкьгнын саны боюнча дүйнөдөгү эң ири шаарлардын бири. Эл аралык аэропорт­тору (Хитроу жана Гетуик) бар. Чоң Лондон ко­нурбациясынан (32 шаар округунан) турган өзгөчө администрациялык бирдикти - метрополитен графты­гын түзөт. Л. - дүйнөлүк финансы, ишкер, мада­ний жана туристтик борбор.

Л-го тиешелүү райондор - Сити, Вестминстер (король резиденциясы; Букингем ак сарайы),

Уэст-Энд (заманбап курулуштар жана соода түйүн­дөрү), Ист-Энд (шаардын эски бөлүгү жайгаш­кан). Булар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизме­сине киргизилген. Вестминстер аббатчылыгын­да готика стилиндеги чиркөө Генрих УШнин ка­пелласы менен (1503-19), Тауэр чеби (11-к.), Хэмп­тон-корт ак сарайы (1515), Ыйык Павел собо­ру (1675-1710, арх. К. Рен) сакталган.

Шаардын жалпы көрүнүшү

Л. римдиктер тарабынан биздин заманга чейинки 50-жылдары чеп катары (Темза д-нын боюнда) негизделип, кийин дарыя жана деңиз соода порту, 1-к-дын 2- жарымынан Римдин Британ провинциясынын борбору. 5-6-к-да англ-сакстар басып алган, 7- к-дан порт жана соода борбору катары кайра калыбына келе баштаган. 604-жылдан епископ­чулуктун борбору. 9-11-к-да бир нече жолу ви­кингдердин кол салуусуна дуушар болгон. Анг­лияны норманндар караткандан (1066) кийин соода байланышы күчөп, 11-к-дын аягы - 12- к-дын башында Англиянын расмий борбору. 1265-жылы шаарда 1-жолу парламент чакырылган. 16-к-да Л-до ири соода кампаниялары (Москва кампаниясы, 1554 же 1555; Британиялык Ост­Индия кампаниясы, 1600 ж. б.) түзүлгөн. 18- к-дын башында Л. дүйнөлүк финансы борбору­на айланып, Лондон Ситиге эбегейсиз капитал топтолгон. 1800-жылы Л-дун калкы 1 млндон аш­кан. 1829-жылы Л-до омнибус пайда болгон, 1860- 63-ж. дүйнөдөгү биринчи метрополитен курул­ган. 19-к-да Л. жумушчу кыймылынын ири бор­бору жана чартисттик кыймылдын (к. Чартизм) очогу болгон. 1847-жылы Л-до коммунисттер союзу­нун 1-, 2-конгресстери өтүп, 1864-жылы 1-Интерна­ционал негизделген. 1900-жылы Л-до Лейбористтер партиясы түзүлгөн. 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында анда революциячыл эмигранттар К. Маркс (1849-83), Ф. Энгельс (1870-95), Париж коммуна­сынын (1871) көп мүчөлөрү, Анын Ичинде Герцен ж. б. иш жүргүзгөн. «Искра» гезити чыгарылган. Л-до Лениндин жетекчилиги менен 1903-07-ж. РСДРПнин 2-, 3-, 5-съезддери өткөрүлгөн. 1920-жылы 31-июль - 1-августта Л-до Улуу Брита­ния компартиясынын уюштуруу съезди болгон. Экинчи дүйнөлүк согушта германиялык авиа­циянын бомбалоосуна дуушар болуп, шаарды калыбына келтирүү 1950-жылдардын биринчи жарымына чейин созулган. Л-дун бүткүл шаар­дык агломерациясы 1965-жылдан Чоң Лондон деп аталат. Л-до 1949-жылдан тынчтыкты кор­гоо боюнча улуттук конгресстер жана конференциялар өт­көрүлөт. Л-до көптөгөн дипломатиялык жолугушуулар, ке­ңешмелер жана эл аралык конференциялар болуп турат.

Ө. ж-нын негизги тармактары: машина (неги­зинен авиа) жана прибор куруу, металл иштетүү, кеме ремонттоо, электр-техникалык, радиоэлектроника, тамак-аш - татымал, кагаз, полиграфиялык, химиялык, тигүү ж. б. Өлкөнүн йл. жана маданий очогу. Университет (1836), Лондон королдук коому (1660), Брита­ния (1901) жана Королдук искусство академиялары, Лондон географиялык коому, техникалык ЖОЖ, Улуу Брита­ния королдук институту ж. б. илимий мекемелер жана илимий коомдор бар. Үч жүздөн ашык музей (анын ичинде Британия музейи, Виктория жана Альберта му­зейи ж. б.), улуттук жана Тейт галереялары, Уол­лес жыйнагы, 80ге жакын театр (анын ичинде «Олд Вик», королдук Шекспир театрынын филиалы, «Ко­вент-Гарден», «Ройял-Корт», «Друри-Лейн») ж. б. иштейт. IV, XIV, XXX олимпиялык оюндар (1908, 1948, 2012) өткөрүлгөн. Л-догуХайгет бей­итине К. Маркстын сөөгү коюлган.

Ад.: Лондон // Болыпая Российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011.