ЛОМБАРДИЯ ВЕНЕЦИЯ КОРОЛДУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОМБАРДИЯ ВЕНЕЦИЯ КОРОЛДУГУ - Вена конгрессинин (1814-15) чечими боюнча Австрия империясынын курамына кирген Түндүк Италия­нын бир бөлүгү. 1815-жылы Ломбардия жана Вене­ция обл-тарынан түзүлгөн. Империянын карама­гына өткөн соң, вице-король башында турган Австрия администрациясы башкарган. 1859-жылы Австрия - Италия - Франция согушунда Лом­бардиядан, 1866-жылы Австрия - Италия согушу­нан кийин Венециядан ажырап, натыйжада Л.-В. к. кайрадан бирдиктүү Италия королду­гунун курамына кирген.