ЛИТОГЕНЕЗ
ЛИТОГЕНЕЗ (лито... жана ...генез) - чөкмө тектердин пайда болуу жана өзгөрүү процесси. Мында тектоникалык кыймылдар менен климат негизги орунду ээлейт. Немис геологу И. Вальтер чөкмө тектердин пайда болушун төмөнкүдөй 5 фазага бөлгөн: нукура тектердин талкаланышы; денудация процесси (тектердин талкаланып ж. б. жакка ташылышы); аккумуляция (ташылып келген тектердин кокту-колотторго топтолушу, чөкмөгө айланышы); диагенез процесси (тапталып ныкталышы, катууланышы); чөкмө тектердин метаморфизмделиши (өзгөрүшү). Кийин төмөнкү стадияларга бөлгөн: 1) гипергенез - нукура тектердин физикалык-химиялык процесстерден эзилип эриши, талкаланышы, үбөлөнүшү. Кесек бөлүкчөлөрдүн башка жакка ташылып жеткирилиши; 2) седиментогенез - талкаланган тектердин ой-чуңкурларга топтолушу; 3) диагенез - топтолуп чогулган тектердин ныкталып тапталышы, чөкмө текке айланышы; 4) катагенез - утур калындаган сайын температура менен басым жогорулап, кээде гидротерм эриндилеринин, газдардын таасири тийип, чөкмөлөрдүн акырындык менен өзгөрүшү; 5) метаморфогенез же метаморфизм процесси - катмарлар калыңдаган сайын чөкмөлөрдүн түзүлүшүнүн (кээде курамынын) күчтүү өзгөрүшү. 1956-жылы Н. М. Страхов Л. процессин муздук, гумиддик, ариддик, вулкандык (жанар-: тоолук) деген типтерге ажыраткан. М у з д у к Л. материктик муздар каптаган чөйрөдө жүрөт. Гумиддик Л. нымдуу климаттык шартка байланыштуу. Мында көмүр, темир, алюминий, марганец кендери пайда болот. Ариддик Л. кургакчылык өкүм сүргөн климаттык шартта пайда болот. Туздар, кызыл түстүү тектер орун алат. Жанартоо-чөкмө Л-и кургактыкта жана суу астында жанартоонун атылышына байланыштуу. Геосинклиналдуу аймактарга таандык.
Ад.: Страхов Н. М. Основы теории литогенеза. Т. 1-3. М., 1962; он же. Типы литогенеза и их эволюция в истории Земли. М., 1963.