ЛИТВАЛЫКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИТВАЛЫКТАР, летувий - Литванын жергиликтүү калкы. РФ, Латвия, Украина, Беларуссия, Польша, Канада, АКШда жашашат. Жалпы саны 4,2 миллион киши, анын 2,9 млну Литвада

(2009). Литва тилинде сүй­лөшөт, динге ишенгенде­ри - католиктер. Л-дын этностук негизин балтика

уруулары түзгөн. Алар биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын 1-жарымында Даугава жана Неман д-нын жээкте­рине жайгашып, жергиликтүү калк менен ассимиляция­лашкан. Дыйканчылык, мал чарбачылык, аарычы­лык жана балык кармоочулук менен кесиптениш­кен. Улуттук кийими - аялдары узун көйнөк, кенен юбка, алжапкыч, жеңсиз күрмө кийип, белине кур курчанат. Башына оймолуу тасма же чепец кийип, жоолук салынат. Кийимдери саймаланып жана шурулар менен кооздолгон. Эр­кектери боз кендирден тигилген көйнөк, ыш­тан, күрмө, башына калпак киет. Тамак-ашы - негизинен дан, эт, сүт азыктары.