ЛИССАБОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИССАБОН, Лисабон - Португалиянын борбору жана башкы шаары. Пиреней ж. а-нын түштүк-батыш жээгинде Тежу д-нын чатында, Атлантика океанынан 15 км аралыкта жайгаш­кан. Лиссабон округунун администрациялык борбору. Калкы 473,6 миң (2010; Чоң Лиссабон агломерапиясын­да 2,6 миллион). Эл аралык аэропорту, метрополи­тен бар. Өлкөдөгү ири порт (жылына 15 миллион т жүк ташылат). Финикиялыктар тарабынан бол­жол менен биздин заманга чейинки 2-к-да негизделген. 1147-ж. араб­дардан португалиялыктар тартып алып, Порту­галия королдугунун курамына кирген. 1255- жылдан Португалиянын борбору. Кеме куруу, электр-техникалык, химиялык, нефть ажыратуу, металлур-

Шаардын жалпы көрүнүшү.

гия, текстиль, тамак-аш (анын ичинде зайтун майы, балык консервалары) ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. Роман стилиндеги собор (12-к., 18-к-да кайрадан курулган), готика стилиндеги карме­литтердин монастыры (14-15-к.), 17-18-к-дын ак сарайлары, Ла Эштрела базиликасы сактал­ган. ИА, университеттер, музейлер (анын ичинде археол., этногр., диний, көөнө жана заманбап искусство), театр, планетарий бар. Ботаникалык бак, зоопарк уюштурул­ган. Эл аралык туризмдин ири борбору. Жыл сайын заманбап (1977) жана көөнө (1980) музы­ка фестивалдары өткөрүлүп турат.