ЛИРИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИРИКА (лира дегенден) - көркөм адабияттын эпос, драма сыяктуу тектеринин бири; мында акын­дын (же лирикалык каармандын) дүйнөгө, тур­мушка субъективдүү мамилеси, башкача айтканда жекече көз карашы, ички сезими, көңүл түйшүктөрү туюн­тулат. Л. көбүнчө ыр түрүндө жаралат, бирок анда адабияттын башка тектерине (эпос, драма) тиешелүү жыйынтыктоо, жалпылоо, индиви­дуалдаштыруу, типтештирүү, ой жорутуу өндүү көркөм ыкмалар да колдонулат. Л-нын негиз­ги предмети - адам жана анын көп кырдуу тур­мушу. Бирок Л-лык ырда көп сызыктуу кенен сюжеттер, жетик иштелген мүнөздөр жана чие­ленген окуялар караманча болбойт. Л. өзүнүн конкреттүү мазмунуна жана тематикалык прин­цибине жараша саясий (мисалы, Д. Бедныйдын «Коммунисттик марсельеза», Ж. Турусбековдун «Тилек»), тарыхый (М. Лермонтовдун «Бороди­но»), философиялык (Э. Межелайтистин «Адам»), сүйүү (А. Осмоновдун «Сүйүү жана мен»), пейзаждык (Ф. Тютчевдин «Жазгы добул») болуп бир кан­ча түргө бөлүнөт. Лирикалык поэзиянын мык­ты үлгүлөрүн Анакреонт, Ли Бо, Саади, Ф. Пет­рарка, Ж. Байрон, Россияда А. С. Пушкин, Атап Айтканда Блок, С. А. Есенин, В. В. Маяковскийлер түзүшкөн. Л. - кыргыз адабиятындагы эң байыркы тектердин бири. Элдик Л. - арман, кошок, эм­гек, сүйүү, бешик, оюн, көрүшүү ырларында, ай­тыш жанрларында өзгөчө өнүккөн. Революция­дан кийинки мезгилде атуулдук (граждандык), интим, пейзаж Л-сы кыргыз поэзиясынын не­гизги жанры болуп, көп түрдөгү тематикада, ар кыл мазмунда жана стилде өнүгүүдө.

Ад.: Поспелов Г. Н. Лирика. Среди литературных родов. М., 1976; Силъман Т. И. Заметки о лирике. Л., 1977; Гинзбург Л. Я. О лирике. [3-е изд.]. М. 1997.