ЛЙПЕЦК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЙПЕЦК - Россиядагы шаар (1779-жылдан). Липецк обл-нун администрациялык борбору. Воронеж д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 502,5 мин (2010). Т. ж. бекети. Жолдор тоому. Аэропорту бар. 13- к-дан белгилүү. Шаарда жылына 2-4 жолу жай­ма базар болуп турган. Байыркы Успение (17-к.), Троица (1850) чиркөөлөрү, сааты бар мунаралуу соборлор ж. б. сакталган. Кара металлургия (ири ишканасы: Жаңы Липецк металлургия ком­бинаты), тамак-аш (негизинен консервалар), машина куруу жана металл иштетүү («Липецк трактор кураштыруу заводу» АК, «СТИНОЛ Муз­даткычтар заводу» ЖАК, «Липецк станокзаво­ду» ААК), электр-энергетика, курулуш матери­алдар, химиялык, тамак-аш-татымал ө. ж. ишкана­лары иштейт. ИИИлер, университеттер, институттар, китеп­каналар (анын ичинде азиздер үчүн), 2 театр, музейлер (анын ичинде край таануу), Г. В. Плехановдун үй-му­зейи бар. Дары-баткак курорту иштейт (1803).