ЛИНОТИП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИНОТИП (латынча Ипеа - сызык, линия жана грекче 1уроз - так түшүрүү) - текстти терип, туташ сап түрүндө куюучу терүү машинасы. Л-ти АКШда О. Мергенталер (1884) ойлоп чыгарган. СССРде биринчи Л. 1932-ж. Ленинград полиграфия заводунда даярдалган. Л. негизинен үч аппарат­тан (терүү, куюу жана кайра бөлүштүргүч) турат. Клавиатуранын клавишасын басканда алфавит­тин айрым тамгасы оюп жасалган металл мат­рица магазинден өзү түшөт да, мурдагы матри­цанын жанына кыналып, сөз арасындагы ачык орунга ажыраткыч шынаа коюлат. Матрицалар менен шынаалардан текст сабы түзүлүп, ал ата­йын кармагыч менен куюу аппаратына берилет. Машинанын кийинки операциялары автомат­тык түрдө аткарылат. Мындай машиналар ге­зит ж. б. басма иштеринде ылдам жана үнөмдүү

терүүдө колдонулган. Басуу ишинде компьютер­дик технологиянын кеңири жайылышына бай­ланыштуу дээрлик колдонулбай калды.