ЛЙННИК
ЛЙННИК Юрий Владимирович [8 (21). 1. 1915, Белая Церковь - 30. 6. 1972, Ленинград] - орус

математиги, СССР ИАнын академиги (1964; корр. мүчөсү, 1953), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969). Ленинград университетин бүтүргөн (1938), проф. (1944). 1941- 42-ж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1940-42-ж. СССР ИАнын В. А. Стеклов атындагы Математикалык институтунун Ленинград бөлүмүндө иштеген. Л. сандар, ыктымалдык жана математикалык статистика теорияларын изилдеген. Сандар теориясында Варинг маселесинин элементардык чыгарылышын берген. Ыктымалдык жана математикалык статистика теориясында Л. жаңы аналит. методду киргизип, көп татаал проблемаларды чечкен. Изилдөө багыты: баалоо теориясы, татаал гипотезаларды текшерүү теориясы ж. б. СССР мамлекеттик (1947) жана Ленин сыйл. (1970) лауреаты. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
Эмг.: Дисперсионный метод в бинарных аддитивных задачах. Л., 1961.