ЛИЛИЯЛАР —

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИЛИЯЛАР — бир үлүштүү өсүмдүктөрдүн ка­тары жана тукуму. Азык-тамырлуу, пияз түптүү, түймөк-пияздуу көп жылдык чөптөр. Жалбы­рагы бүтүн; гүлү эки жыныстуу, 3 мүчөлүү, жал­гыздан же чачыдай, шыпыргыдай топ гүлгө чо­гулган, аталыгы 6. Гүл коргону түрдүү түстө. Мөмөсү - кутуча же мөмө. Курт-кумурскалар, куштар чаңдаштырат. Уругу, азык-тамыры, пияз түбү ж. б. менен көбөйөт. Гүлү жалгыздан же көбүнчө чачыдай топ гүлгө чогулган. Л. ка­тарынын 20дай тукуму, 45тей уруусу, 1300дөй түрү жер бетинин бардык жеринде, көбүнчө суб­тропик жана мелүүн алкактарда таралган. КМШ өлкөлөрүндө 26, Кыргызстанда 15 уруусу (каз пияз, мандалак, лилия ж. б.) 340тай түрү бар. Л. ка­тарына көптөгөн дары (мончок гүл, алое ж. б.), жашылча (пияз, сарымсак, спаржа), техникалык (эре­мурус), кооз (лилия, мандалак ж. б.) өсүмдүктөр кирет. Алардын арасында балдуу, ошондой эле адам менен жаныбарга уулуусу да бар.