ЛИ ЛИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИ ЛИН (туулган жылы белгисиз - биздин заманга чейинки 74) - Хан династия­сынын (биздин заманга чейинки 206 - биздин замандын 205) аскер башчысы; биздин заманга чейинки 99-жылдан кийин хунн урууларын бий­лөөчүлөрдүн бири. Биздин заманга чейинки 99-ж. Алтай тоосун­дагы салгылашууда 30 миң атчан аскери менен хунндардын курчоосунда калып, өзү колго түшкөн. Хунндардын шануйу ага кызын берип, башкы кеңешчи (жуку-князь - £&!) кылып

да­йындаган. Кытай тарыхый даректеринде Л. Л-дин «биротоло хунндардын ичинде калга­ны жана Кыргыз (Хягас) өлкөсүн каратканы, анын тукуму бул өлкөнү Чыңгыз ханга чейин бийлегени» маалымдалат. Император Ву-Цзун (840-46) 840-ж. уйгур мамлекетин талкалаган кыргыз каганын (к. Кыргыз кагандыгы) Л. Л-дин тукуму деп тааныган. Император Сюань-Цзун (846-47) кыргыз каганы­нын ысмын өзүнүн гене­ал. тукумуна теңеш­тирүүнү ойлогон. 860-ж. жазылган Дуань Чэнши­нин тарыхында (Юян Цзацзу) кыргыздар (цзянькунь) «чачы ак сар­гыл, көздөрү көк, сакал­муруту сары» болсо, Л. Л-ден кийин же кытай жоокердин тукумунан та­рагандар «сакал-муруту кара» болуп калганы тууралуу айтылган. Кээ бир изилдөөчүлөр (П. П. Азбелев) Л. Л-дин ту­шунда Кыргыз өлкөсү Түркстанда (Чыгыш) жай­гашканын белгилейт.

Сүрөтчүсү Р. Исаков.

Ад.: Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. А., 1998; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 2. Б., 2000; Кызласов Л. Р. Гуннский дворец на Енисее: Проблема ранней государственности Южной Сибири. М., 2001; Азбелев П. П. Кыргызы и Китай; о пределах доверия к летописям//Природные условия, история и культура Западной Монголии и сопредельных регионов (Материалы VIII международ­ной конференции, г. Горно-Алтайск, 19-23 сентября 2007 года). Т. 1. Горно-Алтайск, 2007.

Э. Турганбаев.