ЛИКВИДДҮҮ АКТИВДЕР
ЛИКВИДДҮҮ АКТИВДЕР - акчага оңой айланган каражаттар. Ага акча өзү, алтын, кыска мөөнөттөгү мамлекеттик баалуу кагаздар, банктагы, акциядагы, облигациядагы каражаттар, тез сатылуучу мүлк баалуулуктары, төлөм мөөнөтү бышып жетилген векселдер ж. б. кирет.