ЛИВИЯ ЧӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИВИЯ ЧӨЛҮ Африкада, Нил д-нан батышта, Ливия, Египет, Судандын аймактарында, Саха­ранын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Аян­ты 2 миллион кж2дей. Түндүк бөлүгү түзөң, кум дөбөлөрү (бийикт. 300 мге чейин) басымдуу, түндүк-чыгы­шында тектоникалык терең ойдуңдар (Каттара, деңиз деңгээлинен 133 м төмөн жайгашкан Сива, Файюм ж. б.) бар. Түштүк бөлүгүн 400-500 м бийиктеги (айрым жеринде 1934 мге жеткен) таштуу (ха­мада) же кумдуу платолор ээлейт. Климаты тро­пиктик чөлдүү, түндүгү жер ортолук деңиздик жарым чөлдүү. Январдын орт. температурасы 12- 18°С, июлдуку 28-35°С. Температуранын суткалык өзгөрүүсү 16°Ска чейин жетет. Жылдык жаан­чачыны 25 лоеден аз, түндүгүндө 50-100 мм. Буу­лануунун жылдык өлчөмү 4000 лгмден ашат. Л. ч-ндө кургак сайлар - уэддер дээрлик жок­ко эсе. Чөл акациясы, тамариск, шыбак өсөт. Булак чыккан жерлеринде - Сива, Бахария, Файюм, Куфра, Харга, Дахла, Фарафра оазисте­ри бар. Оазистерде калктын негизги бөлүгү оту­рукташкан, алар курма пальмасын, шабдалы, өрүк, дан өсүмдүктөрүн өстүрөт. Мал чарбасы өнүккөн. Файюм, Харга оазистери т. ж. аркы­луу Нил өрөөнү менен байланышат. Бахарияда те­мир кени бар.