ЛЙВИНГСТОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЙВИНГСТОН Давид (19. 3. 1813, Шотландия, Ланарк графтыгы, Блантайр - 1. 5. 1873, Зам­бия, Читамбо кыш.) - англ. саякатчы жана мис­сионер.

Алгач 1841-ж. Түштүк Африкага бир нече жолу саякат жасап, Нгами көлүн (1849) жана Зам­бези д-н ачкан. 1852-ж. Кейптаундан Борбордук Афри­канын батышына (1852-56) улуу саякатын жасап, Вик­тория шаркыратмасын тап­кан. 1855-ж. Улуу Брита­нияга кайткан. Атлантика океанынан Инди океанына барыш үчүн алгачкылардан болуп Түштүк Африканы ке­сип өткөн. Чыгыш Африка зонасындагы жаракага би­ринчи илимий изилдөө жүргүз­гөн. Түштүк Африканын этнографиясына зор са­лым кошкондордун бири. Замбези, Окаванго, Луалаба д-нын алаптарын, Ньяса, Ширва, Бан­гвеулу, Танганьика (батыш жээгин) көлдөрүн изилдеген. 1866-ж. акыркы жолу Африкага ке­лип, Нилдин башатын изилдеген экспедиция­ны жетектеген. Англияда Л-дун тирүү же өлүү экенин 5 жылга жакын билишкен эмес. Аны 1871-ж. саякатчы Генри Стэнли Танганьика кө­лүнүн батыш жээгиндеги Ужижи посёлкасынан тапкан. Катуу ооруп жаткандыктан, Европага кайтуудан баш тарткан. Дүйнөдөн кайткандан кийин Л-дун сөөгү мекенине алынып келинип, Вестминстер аббатчылыгына коюлган. Анын атынан Замбезидеги шаар, шаркыратма, Кон­го д-ндагы босого, Чыгыш Африкадагы тоо аталган.

Ад.: Вотте Ю. Д. Ливингстон. М., 1984.