ЛИВЕРПУЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИВЕРПУЛ, Ливерпуль - Улуу Британия­дагы шаар. Англиянын түндүк-батышында. Мер­сисайд метрополитен графтыгынын администрациялык борбо­ру. Мерси д. Ирланд денизине куйган жеринде жайгашкан порт (жылына 11 миллион тга жакын жүк ташылат). Калкы 452,8 миң (2010). Фонд жана товар биржалары иштейт. Кеме куруу жана ремонттоо, түстүү металлургия, химиялык, электр­техникалык, авиа жана автомобиль куруу ө. ж. ишкана­лары иштейт. Университеттер (1881), шаар музейи, театрлар, Уокер сүрөт галереясы бар. Алгач 1191- жылдан эскерилет. Классицизм стилиндеги госпиталь жана ратуша (18-к.), көптөгөн ишкер жана соода жайлары (19-20-к.) бар. Фестивал­дар өткөрүлүп турат. Л. 1960-70-жылдары поп жана рок музыкасынын дүйнөлүк борбору («Витлз» ансамблинин катышуучулары ливер­пулдуктар)болгон.