ЛИВАНДЫКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИВАНДЫКТАР, Ливан арабдары, ли­вандык арабдар - эл, Ливандын негизги калкы. Бразилия, Аргентина, Мексика, АКШ, Венесуэла, Австралия, Канада ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 14-16 миллион киши, анын ичинде 3,7 млну Ливанда (2009). Араб тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери христиан (маро­нит, православный, мелькит, протестант) жана мусулман (сүннөт, шиит, друз) дининде. Л-дын

этностук негизин арабдар менен ассимиляциялаш­кан финикиялык жергиликтүү элдер түзгөн. Өлкөдөгү саясий бытырандылык, 1516-ж. Осмон империя­сынын курамына кириши, 1920-ж. Франция мандатына тиешелүү мамлекет деп жарыяланы­шы ж. б. Л-дын андан ары консолидацияла­нышына тоскоолдук кылган, 1943-ж. Фран­цияга болгон көз карандысыздыкты жеңип алуу Л-дын улуттук экономикасынын өнүгүшүнө жол ачкан. Негизги кесиби - соода, кол өнөрчүлүк, дыйканчылык, бакчачылык. Эркектер кийиз калпак, жүндөн токулган куртка, шаровар, аял­дар шаровар, көйнөк, жүндөн токулган кафтан

кийип, бетине чүмкөмө жамынышкан. Тамак­ашы - негизинен дан, сүт, эт азыктары.