ЛИВАДИЯ КЕЛИШИМИ (1879)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИВАДИЯ КЕЛИШИМИ (1879) - Иле аймагы­нын статусу тууралуу Россия менен Кытайдын ортосундагы ратификацияланбай калган кели­шим (к. Дунгандардын көтөрүлүшү, Дунган, калмак жана уйгур жер которуулары). Л. к-не 1879-ж. 20-сентябрда Крымдагы Ливадия шаар­часында орус өкмөтүнүн тышкы иштер минист­ри Н. К. Гирс менен Цинь өкмөтүнүн элчиси Чун Хоу кол койгон. Ал боюнча жалпы аянты 1302,36 чарчы милъ келген Иле аймагын (390,7 чарчы милъ аянтты камтыган Текес суусунун батышы менен Музарт ашуусунан тышкары) кайрадан Цинь империясынын кол алдына өткөрүп берүү ма­кулдашылып, орус-кытай чек арасы Хоргос өзө­нү, Ак-Бурташ тоосу аркылуу чектелген. Иртыш д-нын башы, Кашкар жана мурунку Кокон хан­дыгынын ортосундагы чек ара линиялары (азыр­кы Кыргызстандын аймагы) такталып, Россия Кул­жа менен Чугучактан (Чөйчөк) тышкары Кашкар, Урга, Цзя Юй-гуань (Сучжоу), Кобдо, Улясутай, Хами (Комул), Турпан, Үрүмчү жана Гучан ш-нда консулдук ачууга укук алган. 0. эле кеткен чы­гымдар үчүн Цинь өкмөтү Россияга 5 миллион сом төлөп берүүгө макул болгон. Атайын комиссия түзүлүп, чечим чыккандан кийин эки ай уба­кыт аралыгында Иле аймагын Кытайга толук өткөрүп берүү каралган. Бирок Цинь императо­ру Л. к-не канааттанбагандыктан (к. Петербург келишими), Чун Хоуну өлүм жазасына тартуу­га буйрук берилген.

Ад.: Русско-китайские отношения 1689-1916. Офи­циальные документы. М., 1958; Моисеев В.А. Рос­сия и Китай в Центральной Азии (вторая половина XIX В.-1917 г.). Барнаул, 2003.