ЛИБЕРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИБЕРИЯ, Либерия Республикасы­Батыш Африкадагы мамлекет. Атлантика океа­нынын жээгинде жайгашкан (жээк сызыгынын уз. 579 км). Түндүк-батышынан Сьерра-Леоне, түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Гвинея, чыгы­шынан Кот-д’Ивуар менен чектешет. Аянты 111,37 миң км2 (анын ичинде ички суу аянты 14,04 миң км2). Калкы 3,44 миллион (2009). Борбору - Монровия ш.

Расмий тили - англис тили. Акча бирдиги - либерия доллары. Администрациялык-аймактык жактан 15 граф­тыктан туруп, алар 67 районго бөлүнөт (к. таб­лицаны).

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008)

Графтык

Аянты, миң км2

Калкы, миң

Администрациялык борборлору

Боми

1,94

82,04

Табманберг

Бонг

8,77

328,9

Гбарнга (Гбанга)

Гьарполу

9,69

83,8

Бополу

Гранд-Басса

7,93

224,8

Быокенен

(Гранд-Басса)

Гранд-Жиде

10,48

126,1

Зведру (Чиен)

Гранд-Кейп-

5,16

129,1

Робертспорт

Маунт

Гранд-Кру

3,89

57,1

Баркливилл

Лоффа

9,98

270,1 ,

' Воинжама

Маргиба

2,61

199,7'

Каката

Монтсеррадо

1,91

1144,8

Бенсонвилл

Мэриленд

2,30

136,4

Харпер

Нимба

11,55

468,1

Санниквеллие

Ривер-Ги

5,11

67,3

Фиштаун

Ривр-Сесс

5,59

65,9

Сестос-Сити

Сино

10,13

104,9

Гринвилл

Л. - БУУнун (1945), ЭВФтин (1962), Эл ара­лык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы­нын (1962), Африка союзунун (1962; 2002-ж. че­йин Африка биримдиги уюму) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

Л. - унитардык мамлекет. 1986-ж. 6-январда Конс­титуциясы кабыл алынган. Башкаруу форма­сы - президенттик респ. Мамлекет жана өкмөт башчысы - президент. Ал жогорку башкы ко­мандачы. Президент жана вице-президент жал­пы элдик шайлоо жолу менен 6 жылга шайла­нат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку орга­ны - эки палаталуу парламент, ал Сенат (30 мүчө, 9 жылга шайланат) жана Өкүлдөр палата­сынан (64 депутат, 6 жылга шайланат) турат. Л-да көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Демокр. өзгөрүштөр үчүн конгресс, Либерия трансформациясы үчүн коалиция, Эркиндик партиясы, Биримдик пар­тиясы, Улуттук-патриоттук партия, Тынчтык жана демократия үчүн альянс ж. б.

Т а б и я т ы.

Атлантика океанын жээктей кумдуу жал созулуп жатат. Аккумуляциялык жээк түздүгү (бийикт. 10-30 м) начар тилмелен­ген, айрым жерлери саздуу. Жеринин бетин са­лааланып ийри-буйру аккан дарыя чаттары, көл-лагуналар ээлейт; жээктен алыстаган сайын дарыя өрөөндөрү менен өтө тилмеленген, дөбөлүү аккумуляциялык түздүктөргө, андан жогору денудациялык платолорго жана дөңсөөлөргө (би­йикт. 200-500 м) өтөт; анда калдык тоолор да кездешет. Өлкөнүн түндүк бөлүгүн күдүрлүү Леон­Либерия дөңсөөсү ээлейт. Анда айрым тоо мас­сивдери - Нимба, Вутева (бийикт. 1381 мге че­йин - Л-нын эң бийик жери) көтөрүлүп турат. Тектоникалык жактан байыркы Африка платформа­сынын батыш четинде жайгашкан. Темир, ал­тын, алмаз кендери менен белгилүү; ошондой эле киа­нит, барит, боксит, марганец, цементтик аки­таш, курулуш материалдары ж. б. кендери бар.

Л-нын аймагы субэкватордук климаттык ал­какта жайгашкан. Абанын күндүзгү температурасы 27°Стан 32°Ска, түнкүсүн 21°Стан 24°Ска чейин өзгөрөт. Тоолуу аймактарда харматан (декабр­дын аягында Сахарадан соккон кургак жана муз­дак шамал) учурунда 12°Ска чейин төмөндөшү мүмкүн. Айлык орт. температурасы 25°Стан жого­ру; жээк тилкедеги аптап ысыкты деңиз бризи жумшартып турат. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү ички аймактарында 1500-2000 лыеден Ат­лантиканын жээгинде 4000 лыиге чейин. Бүт ай­магында кургакчыл (ноябрдын ортосунан ап­релдин ортосуна чейин) жана жаанчыл (апрел­ден октябрдын аягына чейин) сезондор байка­латынча Эң жаанчыл мезгили - июнь-август айла­ры. Дарыя тармагы жыш, суусу мол; бардыгы Атлантика океанынын алабына кирет. Эң ири 6 дарыясынын (Мано, Лоффа, Сент-Пол, Сент­Жон, Сестос, Кавалли) алабы өлкөнүн аймагы-

ЛИБЕРИЯ

Масштабы 1:6 750000

нын 60%тен ашык аянтын ээлейт. Дарыялары босоголуу, ортонку жана жогорку агымдары энер­гия ресурстарына бай. Сент-Пол д-нда гана ча­тынан 80 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Ар бир адамдын суу менен жылдык камсыз болуусу 66,5 миң м3. Айдоо аянтынын 3%и гана сугат жер.

Аймагынын 75% аянтынан ашыгы кызыл­сары жана кызыл ферралит топурактуу. Жээк түздүктөрүнө кумдуу, дарыя өрөөндөрүнө саз топурактары мүнөздүү; саздуу жерлерине шалы өстүрүлөт. Түндүк-батышында жарым-жартылай жалбырагын күбүүчү, түштүк-чыгышында дайыма жашыл нымдуу токойлор таралган. Анда кы­зыл, палисиндр, каучуктуу (гевея) ж. б. баалуу дарактар, ошондой эле кофе дарагы, шарап жана май пальмасы өсөт. Л-нын борбордук бөлүгү узак уба­кыт бою а. ч-нда пайдаланылгандыктан, дээр­лик токойсуз. Өлкөнүн аймагынын 40%инде табигый өсүмдүктөр а. ч. жерлери менен айкалы­шып жатат. Жээктей мангр токою жана саздуу жерлер жатат. Биол. ар түрдүүлүгү боюнча Л. Ба­тыш Африкадагы алдынкы орундардын бирин ээлейт. Токоюн түрдүү маймылдар (кызыл ко­лобус, батыш шимпанзеси, потто, галаго ж. б.), токой пили, сөөлдүү доңуз, барс, жаныш, ки­дик бегемот, токой антилопасы ж. б. мекендейт.

Коргоого алынган табигый аймак өлкөнүн 15% жерин ээлейт; алардын эң ирилери: Сапо улут­тук паркы (Батыш Африкадагы табигый

тро­пик токоюнун эң ири массиви), Маунт-Нимба биосфералык резерваты (Гвинея, Кот-д Ивуар өл­көлөрү менен чектешкен жерде, шимпанзе корго­лот); булар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизме­сине кирген.

К а л к ы.

Л-нын калкынын басымдуу бөлүгү (96,3%и) нигер-конго тилинде сүйлөгөндөр: анын ичинде түндүгүн манде (48,3%), түндүгүн жана түндүк-ба­тышын атлантика (10,5%) тилдеринде сүйлө­гөн элдер, түштүгүн крулар (35,4%) мекендейт. Монровияда либериялыктар, АКШлыктар да жашайт. Өлкөнүн калкы 1960-жылдардан баш­тап дээрлик 3,5 эсеге өскөн. Төрөлүү (2008-ж. 1000 адамга 42,9 бала) өлүм-житимден (21,4 адам) эки эсе ашык. Өспүрүмдөр (15 жашка че­йинкилер) 44% ти, эмгек жашындагылар (15- 64 жаштагылар) 53,2%ти, 65тен ашкандар 2,8%ти түзөт. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орт. узак­тыгы 41,8 жыл (эркектерде 40,7, аялдарда 43 жыл). Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жер­ге 31,3 адам. Эң жыш Л-нын батышында - Монтсеррадо графтыгында (1 км2 жерге орто эсеп менен 599,4 адам; мындагы 1,7% жерге өлкөнүн калкынын 33%те-йи, анын ичинде Монровияда 29% и) жана ага чектеш жайгашкан Маргиби графты­гында отурукташкан. Эң сейрек өлкөнүн түштүк- чыгышында (12 адам). Шаар калкы 60%тей (2008). Эң ири шаарлары - Монровия, Ганта, Бьюкенен, Гбарнга, Каката. Өлкөнүн калкынын 40%тейихристиандар, анын ичинде 30%тейи протестант деноминациясынын өкүлдөрү, 5%ке жакыны католиктер; 16%тейи мусулман сүннөттөр; 43%тейи жергиликтүү диндерди туткандар.

Т а р ы х ы.

15-к-дын 2-жарымында Л. ай­мактарына европалыктар келип, жергиликтүү африка­лык элдер (кру тилиндегилер) менен соода байла­ныштарын түзө баштаган. 1821-ж. Америкалык коло­ниялоо коому (1816-ж. түзүлгөн) бошотулган америкалык кулдарды көчүрүү үчүн жергиликтүү уруу башчы­сынан Месурадо тумшутундагы жерлерди сатып алган. Алгачкы топтору бул аймакка 1822-ж. келе баштаган. Алар өздөштүргөн аймак Ли­берия (латынча ЫЪег - эркин) деп аталган. 1834- 36-ж. Л-да (Африканын батыш жээгинде) бири­бирине көз карандысыз Мэриленд, Баса-Ков жана Миссисипи ж. б. кыш. пайда болгон. 1839-ж. 1-апрелде Л. кыш-нын ортосунда ын­тымак түзүлүп, биригишкен. 1847-ж. 26-июлда Л. респ. деп жарыяланган. 1880-1900-жылдар­да Л. аймактарын (44% ин) Улуу Британияга менен Франция аннексиялап, аларды өздөрүнүн колониялык ээликтерине кошуп алышкан. 1911-ж. АКШнын колдоосу менен Улуу Британия жана Францияга көз карандылыктан бошонуп, өз чек арасын кайра калыбына келтирген. 1- дүйнөлүк согуштан кийин Л-га америкалык капитал кире баштап, каучук алуучу плантацияга ай­ландырылган. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде (1944-ж. Л. гитлерчилерге каршы коалицияга

Либерия Республи­касынын Президен­ти Эллен Жонсон­Серлиф.

кошулган) АКШ өз аскерлерин жана аскер тех­никасын Ыраакы Чыгыш жана Ж. Чыгышка жөнөтүү үчүн Л. аймагын пайдаланган. Л-да АКШнын согуш базалары (1942-ж. Робертсфилл ш-нда америкалык аскер-аба базасы, 1943-ж. Монровия ш-нда порт ж. б.) курулган. 1959-ж. АКШ менен аскердик келишимге кол коюлган. Л-да саясий реформалар жүргүзүлүп, жарандардын ортосун­дагы теңсиздик жоюлуп, өлкөнүн бардык жа­рандары бирдей шайлоо укуктарына ээ болгон. 1980-ж. 12-апрелдеги аскердик төңкөрүштүн (улук сержант С. К. Доу уюштурган) натыйжа­сында мамлекеттик бийликтин убактылуу органы - Элдик куткаруу кеңеши (1984-жылдан Убакты­луу улуттук ассамблея) түзүлгөн. 1985-жыл­дан С. К. Доунун авторитардык режими өкүм сүргөн. 1989-ж. декабрда Либерия Улуттук пат­риоттук фронту (мурдагы мамлекеттик кызматкер Ч. М. Д. Т. Тейлор жетектеген) Доу режимине каршы куралдуу күрөш баштаган. 1990-ж. Ли­берияда өткөөл өкмөт түзүлүп, бири-бирине ка­рама-каршы топтордун күрөшү токтогон эмес. 1994-ж. БУУнун жардамы менен өткөөл коалиция­лык өкмөт пайда болгон. Бирок Л. аймагында жарандык согуш 2003-ж. чейин улантыла бер­генетикалык 2003-ж. 18-августта Аккра ш-ндагы (Гана) тынчтык келишимдин негизинде Убактылуу өкмөт менен бир палаталуу парламент түзүлгөн. 2005-ж. 8-ноябрда алгачкы демокр. шайлоолор өткөрүлгөн. Дүйнөлүк банктын мурдагы кызмат­кери Эллен Жонсон-Серлиф айым Л-нын прези­денттигине (Африка континентиндеги биринчи аял-президент) шайланган.

Ч а р б а с ы.

Л. - дүйнөдөгү начар өнүккөн өлкөлөрдүн бири. ИДПнин көлөмү 1,53 миллиард доллар (2008); аны киши башына бөлүштүргөндө 500 доллардан туура келет. Калкынын жары­мына жакыны өтө жакырчылыкта жашайт. 1980-2000-жылдардагы куралдуу кагылышуу­дан ки-йин өлкөнүн экономикасы өтө жабыр­каган. 2005-жылдан ал акырындап калыбына келе баштады. Л-нын желеги менен 2,2 миң чет өлкөлүк кеме жүрөт; бул көрсөткүч боюнча Л. дүйнөдө Панамадан кийинки 2-орунда.

Ошон­дой АКШ, Европа союзуна кирген өлкөлөрдүн, Япониянын, чет элдик түрдүү уюмдардын кар­жылоосунун мааниси зор. Мамлекеттик экономикалык саясат - чарбада жеке менчик сектордун өнүгүшүнө жана чет элдик инвестицияны тартууга багытталган. 2007-ж. 350 миллион кВт-с (1989-ж. 1,2 миллиард кВт-с) электр энергия (негизинен ГЭСтен) өндүрүлгөн. Минералдык сырьё өндүрүү ИДПни 0,2% ке че­йин гана камсыз кылат. 2008-ж. 60,5 миң кар (2000-ж. 170 миң кар) алмаз, 20,1 мин ун­ция алтын өндүрүлгөн. Ошондой эле темир казылып алынат. Иштеп чыгаруу ө. ж. продукциясы ИДПнин 12,7% ин түзөт; анын 70% и алкогол­суз ичимдиктер, 24,5%и цемент (2008).

Либерия акчасы - либерия доллары.

Экспорттук а. ч. продукциясынын негизги бөлүгү ири плантация чарбаларында өндүрүлөт. Өндүрүштөрү тамак-аш продукциясына болгон ички муктаждыкты канааттандыра албайт; азык-түлүктү сырттан сатып алат. Л-нын ай­магынын 5,4%ке жакын аянты иштетилет (анын 2%и көп жылдык өсүмдүктөр). Агрардык не­гизги продукциялары: накта каучук, кофе, ка­као, пальма ядросу жана майы, бал камыш, таме­ки. Гевея плантациясынын аянты 200 миң га, анын 140 миң гасы чет өлкөлүк компанияларга таандык. Негизги а. ч. өсүмдүгү - шалы (күрүч), ошондой эле кассава, таро, ямс, батат, банан, ананас, жашылча, жер жаңгак, цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Мал чарбасы негизинен экстенсив­дүү. Токой 6 миллион га жерди ээлейт. Балык кар­малат.

Транспорттун негизги түрү - автомобиль транспорту. Автомобиль жолунун уз. 10,6 миң км, т. ж-нуку 429 км (негизги трассалары: Мон­ровия - Бонг, Екена - Бьюкенен, Мано - Ри­вер - Монровия. Дениз соода флоту 2204 кеме­ни камтыйт, анын 2109 кемеси чет элдик кеме ээлерине таандык. Деңиз порттору: Монровия, Бьюкенен, Гринвилл, Харпер, Маршалл, Робер­тспорт. Эл аралык Робертс аэропорту (Монро­виядан 60 км аралыкта) бар.

Экспортко накта каучук, алтын, алмаз, кофе, какао, темир кенташын чыгарат; негизги им­порттук шериктери: Мавритания, Полыпа, Гер­мания, АКШ, Испания. Сырттан азык-түлүк жана тирүү мал, машина жана жабдууларды, нефть продуктуларын, ө. ж. товарларын ж. б. сатып алат. Негизги экспорттук шериктери: Кытай, Нидерланд, Кот-д’Ивуар, Индия, Бельгия, АКШ.

Маданияты.

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү акысыз толук орто, кесиптик даярдоону жана ЖОЖдорду кам­тыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуу­лугу 60% (2012). Л. мамлекеттик (1851), Каттингтон (1889) университеттери алардын алдындагы жана өз ал­дынча институттар, коллеждер иштейт. Гезиттери англис тилинде чыгат. Улуттук маалымат агент­тиги (1978), радиоуктуруусу (1927), телекөрсө­түүсү (1964) иштейт.

Ад.: Республика Либерия. Справочник. М., 1990; Смирнов Е. Г. Очерки экономической истории Либерии Сьерра-Леоне. М., 1997; Френкель М. Ю. История Либерии в новое и новейшее время. М., 1999; Либерия // Болыпая Российская энциклопедия. М., 2010.