ЛЕ-ПЮИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕ-ПЮИ, Л е-П ю и-а н-В е л е - Франциядагы шаар. Жогорку Луара департаментинин администрациялык бор­бору. Калкы 23,2 миң (2010). Жолдор тоому. Шаар 4-к-дын аягында негизделген. Роман сти­линдеги 6 кумпалуу Нотр-Дам собору [11-12-к.; маңдайы 5 ярустуу аркададан туруп, 2 түстүү таш менен, каптал порталдары (12-к.) мусулман архитектурасынын салттарында кооздолгон; оюу­ланган эшиктери (12-к.), коңгуроо (13-к.), дубал­дарга тартылган 12-15-к-га таандык сүрөттөр ж. б. бар] Буткул дуйнөлук мурастын тизмеси­не киргизилген. Аны айланта Сен-Жан баптис­терийи (11-к.), «Машикули» имараты (12-к.), Жансыз капелла (12-к.) жайгашкан. Домини­кан Сент-Лоран чиркөөсү (14-15-к.), Сент-Клер монастыры (1432), П'аннессак мунарасы (15-к.), «Сен-Видаль» отели (15-16-к.), епископтордун ак сарайы (16-к-дын аягы), готикалык жана Ре­нессанстык турак-жайлар сакталган. Ратуша (1752), Крозатье фонтаны (1858) жана музейи (1865-68) ж. б. бар. Шаардын экономикасынын негизин туризм бизнеси түзөт.