ЛЕПТОСПИРОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕПТОСПИРОЗ (Еер!озр1гоз1з) — малдын жана адамдын жугуштуу ылаңы (оорусу). Малдын де­несин саргартып, былжыр кабыкчаларын жана терини өлүү ткандарга айлантып, кан сийди­рип, тез арыктатат. Л. табигый очоктуу жугуш­туу ооруларга кирет. Ылаң козгогучу — лептос­пираны бакма жана жапайы айбандар, өзгөчө ке­мирүүчүлөр (чычкан, келемиш, суур) алып жү­рөт. Алардын денесинде козгогуч вируленттүү­лүгүн жоготпой, көпкө сакталып, сыртка сий­дик менен бөлүнүп чыгып, жем-чөптү, сууну, тө­шөлгөнү, топуракты булгайт. Л. кой-эчкилерде көбүнчө жаз, жай айларында кездешет. Кырг­ндын шартында өзгөчө козуларда кеңири тара­латынча Ылаңдын жашыруун мезгили - 2—17 күн.

Л. катуу кармайт жана өнөкөт өтөт. Ылаң катуу кармаганда малдын денеси ысыйт, деми кыс­тыгат, көпчүлүк учурда шайы бошойт же деми­гет, сырткы былжыр кабыкчалары саргайып, сий­диги кызыл же күрөң түстө болот, чычкактайт, кежигесин тартып, 12-48 сааттын ичинде өлүмгө дуушар болушу ыктымал. Л. өнөкөт өткөндө ылаң 2—3 айга созулушу мүмкүн. Ылаң чыккан чарбага карантин коюлат. Ылаң чыккан короо­сарайлар тазаланып, 2%туү активдүү хлору бар хлор акиташы, жегич натрийдин 2%түү ысык (70- 80%) эритмеси, 3%түү күкүрт карбол аралашма­сы, 5%түү креолин эмульсиясы, формалиндин 2% түү эритмеси менен дезинфекцияланат.