ЛЕОНИДДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕОНИДДЕР - ар бир 33 жылда, ноябрдын орто ченинде байкалуучу метеордук агым. 1779-ж. Л-ди байкоо радиант деген түшүнүктү кир­гизүүгө алып келген. 1833-ж. 13-ноябрда, 7 саат­тын ичинде 240 миңдей метеорлор байкалган. 1866-ж. алардын кайталануусу тууралуу алдын ала айтылган ойлор туура чыккан. Метеордук агымдын орбитасына жүргүзүлгөн эсептөөлөр, анын кометанын орбитасына окшош экендигин көрсөткөн. Демек, метеордук агым - кометанын ажырашынын калдыгы болуп эсептелет.