ЛЕОНАРДО ДА ВЙНЧИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕОНАРДО ДА ВЙНЧИ (15. 4. 1452, Тоскана, Винчиге жакын Анкияно - 2. 5. 1519, Фран­ция, Амбуаз, Кло-Люсе сепили) - италян жи­вописчиси, скульптор, архитектор, илимпоз жана инженер. Л. да В. көркөм өнөрдүн жаны кара­жаттарын иштеп чыгып, адамдын гуманист­тик идеяларга каныккан көркөм образын түзгөн. Алгачкы Кайра жаралууга негиз салган. Ита­лиянын көркөм маданият тарыхындагы маанилүү этап болгон кватрочентонун Флоренциядагы өнөрканасынын таасири, астроном П. Тосканел­ли менен жакындашуу Л. да В-нин илимге кызы­гуусун арттырган. Алгачкы иштеринде («Ма­доннаБенуа» 1478-ж. чен, Эрмитаж, Ленинград) Л. да В. кватрочентонун салттарын улантып, форманын көлөмүн жумшак жарык шаңы менен дааналап, кээде жүзүнө жылмаюу киргизип

Леонардо да Винчи. Автопор­трет. 1513-жыл чен. Корол­дук китепкана. Турин.
Picutre 363

көрсөткөн («Сыйкырчылардын сыйынуусу» 1481-82, Уффици, бүткөн эмес). Сүрөттөрүндө адамдын ички абалын таасирдүү мүнөздөп, адам денесинин кыймыл-аракетин анын рухий дүй­нөсү менен шайкеш сүрөттөгөн. Миландын баш­каруучусу Лодовико Моронун (1481-82-ж.) кол алдында аскер инженери, гидротехник, сарайда­гы феерияларды уюштуруучунун кызматын ат­карган. «Аскадагы мадонна» (1483-94, Лувр, Париж; экинчи варианты - 1497-1511, Улут­тук галерея, Лондон) жакын адамдардын ма­милелерин баяндап, кейипкерлер ошол кезде геол. жактан Л. да В. изилдеген аскалардын курчоосунда көргөзүлгөн. Санта-Мария делле Грацие монастырындагы тартылган сүрөт бийик этикалык мазмуну, композициясынын такты­гы менен Европалык искусствосунун өнүгүшүндөгү өзүнчө бийиктик болуп саналат. Кийинки жыл­дарда Л. да В. шаардан шаарга көчүп жүргөн. Флоренцияда жүргөндө баталдык (согуш тема­сы) жанрды негиздеген. «Жоконда» (1503-ж. чен, Лувр) портретинде дөөлөттүү шаар аялынын образы (Мона Лиза) назиктик менен көтөрүңкү маанайдын бийик идеалы катары берилет; портреттин композициялык маанилүү элементи болуп күңүрт боёк менен берилген мейкиндик пей-

Леонардо да Винчи. «Аскадагы мадон­на». 1495- жана 1508- жылдар арасы. Улуттук галерея. Лондон.

заж эсептелет. Кийинчерээк эстеликтердин дол­боорун, ар түрдүү композицияларды түзгөн. Л. да В. өз ойлорун бир системага салган атайын эм­гек калтырган эмес. «Живопись жөнүндөгү трак­таты» шакирти Ф. Мельци тарабынан чогулту­луп, Европада көркөм практикага, теориялык ой-пи­кирге чоң таасир тийгизген. Л. да В. искусство менен илимди ажырагыс байланышта караган. Илим­де математиканы жогору койгон сыяктуу уни­версалдуу искусство катары живописке биринчи­ликти ыйгарган. Л. да В. окумуштуу жана ин­женер катары илимдин көп тармактарын ба­йыткан. Физикада сүрүлүүнүн закондорун, тех­никада токуу станогу, металл эритүүчү меш, суу астында сүзүүчү кеме, парашют ж. б-ды ойлоп тапкан. Анатомия боюнча адамдын организминин сүрөттөрүн тартып, функцияларын изилдеп, ал түгүл ботаника боюнча да өсүмдүктөрдүн тири­чилигин изилдеген бир канча эмгектерди кал­тырган.

Ад..' Леонардо да Винчи и культура возрождения/ Отв. редакциялык Л. М. Брагина. М., 2004; Целънер Ф. Лео­нардо да Винчи. М., 2004; Зубов В. П. Леонардо да Винчи. 2-е изд. М., 2008.