ЛЕНЦЭРЕЖЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Ад.: «Ленфильм»: кадр за кадром. СПб., 2008. ЛЕНЦЭРЕЖЕСИэлектр-магниттик индукция кубулушунун негизинде туюк өткөргүчтө пайда болгон индукциялык токтун багытын аныктайт. 1833-ж. орус физиги Э. X. Ленц аныктаган. Л. э-нде сырткы магнит агымынын өзгөрүшүнөн, туюк өткөргүчтө пайда болгон индукциялык токтун магнит талаасынын багыты дайыма сырткы магнит талаасынын өзгөрүшүн компен­сациялоого багыттала тургандыгын көрсөтөт. Мындан туюк өткөргүчтөгү индукциялык ток­тун багытын аныктап алууга болот. Л. э. энер­гиянын сакталуу закондорунан келип чыгат.