«ЛЕНФЙЛЬМ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЛЕНФЙЛЬМ» - РФтеги эн эски киностудия. 1918-ж. Петроградда уюшулган. Аты бир нече ирет өзгөрүп, 1934-жылдан «Л.» аталат. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында «Л.» кол­лективинин негизги бөлүгү Алматыдагы би­риккен борбордук киностудиянын курамына кирген. Алгач үндүү «Жалгыз аял» (1931), түстүү «Му­соргский» (1950), кең экрандуу «Дон Кихот» (1957) фильмдерин чыгарган. Белгилүү фильм­дери: «Чапаев» (1934), «Балтика депутаты» (1937), «Пётр Биринчи» (1937-39), «Мылтык­чан киши» (1938), «Өкмөт мүчөсү» (1940), «Гам­лет» (1964), «Король Лир» (1971) «Тоңкулдак­тын башы оорубайт» (1975), ж. б. Мында советтик кино искусствосунун өнүгүшүнө салым кошкон режиссёрлор: Г. Н. жана С. Д. Василъевдер, С. А. Герасимов, А. Г. Зархи, Г. М. Козинцев, С. И. Юткевич ж. б.; операторлор: С. А. Бе­ляев, А. Н. Москвин; сүрөтчүлөр: Е. Е. Еней, Н. Г. Суворов; сценаристтер: Б. Л. Леонидов, К. Н. Виноградская, Л. Н. Рахманов; сынчы Анын Ичинде Пиотровский ж. б. эмгектенишкен. «Л-де» 1974-жылдан Д. Асанова иштеген. «Л.» «Кыр­гызфильм» студиясы менен бирге «Чолпон» (1960), «Эрте жаздагы турналар» (1978) фильмдерин койгон. Студия 1935-ж. Ленин ордени менен сый­ланган.