ЛЕНИН АТЫНДАГЫ ЧОКУ
ЛЕНИН АТЫНДАГЫ ЧОКУ - Чоң Алай кырка тоосунун борбордук бөлүгүндөгү эң бийик чоку. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында. Бийикт. 7134 м. Чоку кар жана фирн мөңгүлөрү менен капталган. Кар чеги түндүгүндө 4200 м, түштүгүндө 4500 м бийиктикте. Түндүк капталынан Корженевский (уз. 19,5 км), Ленин (13,5 км) жана Каман (8,1 км),

түштүгүнөн Чоң жана Кичи Суукдара (25,2 жана 13,1 км) мөңгүлөрү башталат. Альпинизм өнүккөн. Чокуга альпинисттерден биринчи болуп 1934-ж. В. Абалаков, К. Чернуха жана И. Лукин чыккан. Чоку Тажикстанда (2006-жылдан) Абуали-ибн-Сина деп аталат.