ЛЕНИН
ЛЕНИН (2009-жылдан расмий эмес түрдө Р а зз а к о в деп аталат) - Баткен обл-нун Лейлек р-нундагы кыштак. Кулунду айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 577 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Исфана ш-нан 45 км түндүк-чыгыш тарапта. Пролетарск т. ж. бекетинен (Тажикстан) 21 км. Кыштак 1954-ж. негизделген. Калкы 3654 (2009); негизинен мал багып, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, медпункт бар. Кыштакта мамлекеттик ишмер И. Раззаков туулган.