ЛЕНА КЫРГЫНЫ (1912)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕНА КЫРГЫНЫ (1912) - 1912-ж. 4(17)-апрел­де Лена алтын кениндеги иш таштоолорго кар­шы падыша өкмөтү жүргүзгөн кандуу жазалоо. Окуя Иркутск губерниясынын Бодайбо айма­гында жайгашкан Лена алтын ө. ж. кени ше­риктештигинде болгон. Андреевск алтын кенин­де иштеген жумушчулардын иш шартынын оор­дугунан, иш күнүнүн узактыгынан (15-16 саат) жана эмгек акынын аздыгынан 29-февралда (13- март) иш таштоо башталган. Иш таштоо комитети түзүлгөн. 4 (17)-мартта жумушчулар 8 сааттык жумуш күнүн киргизүү, эмгек акыны 30% ке көбөйтүү, штрафтарды алып салуу, жабдуулар­ды жакшыртуу ж. б. талаптарды койгон. Адми­нистрация коюлган талаптардын бирин да ка­нааттандырган эмес. Марттын ортосунда жу­мушчулар (6 миндей) тарабынан бардык кен чы­гуучу жерлер курчоого алынган. Борбордук иш таш­тоо комитети жана Борбордук бюронун жетекчилери, ай­рым болъшевиктер (П. Н. Баташев, Г. В. Чере­пахин, Р. И. Зелионко, М. И. Лебедев), ошондой эле менъшевиктер, эсерлер ж. б. иш таштоону улан­та берген. Жандарм ротмистри Н. В. Трещен­ковдун буйругу менен өкмөт аскер киргизип, 4- апрелге караган түнү иш таштоо комитетинин 11 мүчөсү камакка алынган. Эртеси аларды бошо­тууну талап кылып, 2,5 миң жумушчу Надеж­дин кениндеги прокуратура чиновнигине кай­рылган. Натыйжада алардын талаптарына ок атуу менен жооп берилип, 270 жумушчу өлүп, 250 жарадар болгон. Өлкөдө жумушчулардын иш таштоосу 12 (25)-августка чейин созулуп, Рос­сиядагы революциялык толкундоолордун күчөшүнө түрткү берген. Бул окуяны С. С. Манухин жана А. Ф. Керенский жетектеген комиссиялар изил­деп, «Лена алтын кени» жетекчилиги (төрага­лары Александр Горациевич жана Альфред Гора­циевич Гинцбург), жергиликтүү бийлик жана ротмистр Н. В. Трещенковго күнөө коюлган. 1967-ж. Л. к-нда курман болгондорго эстелик орнотулган (арх. В. М. Новак, скульптор Н. Л. Штамп).

Ад.: Мунгалов Н. Н. Ленский расстрел 1912 г. Бодайбо; Иркутск, 2008.