ЛЕМУРЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕМУРЛАР (БешипДае) - приматтар түркүмүн­дөгү чала маймылдар тукуму. Дене уз. 13-25 см- ден (кидик Л.) 50 смте (кыска Л.) жетет. Арт­кы буттары алдынкысынан узунураак, тырмак­туу. Жүнү калың, кара, күрөң, боз же саргыч, куйругу бир түстө, кээде туурасынан кеткен ачык жана кочкул жүндөрү болот. Тумшугу узун, тиши 36, кээде 32, 4-5тен муруту, 1-2 жуп сүт бездери (желини) бар, көзү чоң. Түнкүсүн жана күүгүмдө, кээде күндүз азыгын издейт. Кургак­чыл жылдары 2 түрү чээнге кирет. Тропик то­койлорунда жа­шайт. Дарак бута-

гында, жерде тобу же үйүрү менен, жал­гыздан жана жубу менен жүрүшөт. Жыгач бактарына жалбырактан, чөптөн уя жасайт. 1—3 тү (кээде 4) тууйт. Тукумуна эркеги да, ургаа­чысы да кам кө­рөт. Ылгабай азыктанат, курт­кумурска, майда жаныбарларды, өсүмдүк мөмөсү менен уругун жейт. Л-дын 6 урууга кирген 14 түрү бар.

Саны азайып кеткендиктен, ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.