ЛИРИКА-ЭПИКАЛЫК ЖАНР —
ЛИРИКА-ЭПИКАЛЫК ЖАНР — эпос менен лириканын урунттуу белгилери мүлдө жуурулушуп кеткен көркөм чыгарма. Мындай чыгармалар адатта жайык сюжеттүү, кабат-кабат окуялуу келип, белгилүү типтерди, толук ачылган мүнөздөрдү чагылдырат. Л.-э. ж. сентиментализм менен романтизм адабиятында өзгөчө гүлдөгөн. Буга Байрондун, Шеллинин, Виньинин, Мицкевичтин, Пушкин менен Лермонтовдун поэмалары далил. Совет поэзиясында жана прозасында бул жанр В. Маяковский, А. Твардовский, К. Паустовский, М. Пришвиндин чыгармалары менен калыптанган жана өнүккөн. Кыргыз поэзиясында Л.-э. ж. Октябрь революциясына чейин эле өөрчүп келген. Мисалы, «ОлжобаймененКишимжан», «Саринжи-Бөкөй» ж. б. Кийин жазма адабияттын пайда болушу менен бул салтты профессионал акындар тез эле өздөштүрдү. Муну А. Токомбаевдин («Тан алдында», «Өз көзүм менен», «Комуз күүсү»), Т. Үмөталиевдин («Кубат», «Ак алтын жөнүндө ыр»), С. Эралиевдин («Ак Мөөр»), К. Маликовдун («Көл жээгинде кездешүү»), А. Токтомушевдин («Сүйүү жана коркунуч», «Алтын тоо») чыгармачыл тажрыйбалары даана көрсөтөт.