ЛЙПЕНКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЙПЕНКА - Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нундагы кыштак. Липенка айыл аймагына караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүк-чыгышын­да, Жыргалаң булуңунун түштүк тарабындагы түздүктө, деңиз денг. 1658 м бийиктикте жай­гашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыш-нан 21 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бе­кетинен 214 км. Кыштак 1911-ж. негизделген. Калкы 1594 (2009); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, клуб бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эс­телик тургузулган. Кыштакта Советтик Союз. Баа­тыры Е. Б. Пасъко туулган.