ЛИМОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИМОН, П у э р т о-Л и м о н - Коста-Рикадагы шаар. Лимон провинциясынын администрациялык борбору. Кариб деңизинин жээгинде жайгашкан. Калкы 67,5 миң (2010; шаар айланасы менен 100 миң); чоңдугу жана калкынын саны боюнча өлкөнүн бор­бору Сан-Хоседен (т. ж. аркылуу байланышат) кийинки 2-шаар. 1871-ж. негизделген. Шаардын экономикасынын негизин транспорт жана ло­гистика кызматы түзөт. Л. - өлкөнүн сырткы соодасын жүргүзүүчү башкы порт. Сыртка не­гизинен банан, кофе, жыгач жана электроника ө. ж-нын продукциясын чыгарып, сырттан нефть (Венесуэла менен Мексикадан), машина жана анын жабдууларын, химиялык продукция (анын ичинде жер се­мирткичтер) алат. Жеңил, тамак-аш жана жы­гаччылык ө. ж. ишканалары иштейт. Туризм­дин борбору.