ЛИЛОНГВЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИЛОНГВЕ - Малави Респ-нын борбору. Чы­гыш Африкада, Лилонгве д-нын боюнда, деңиз деңгээлинен 1100 м бийиктикте жайгашкан. Борбор­дук провинциясынын администрациялык борбору. Калкы 723,6 миң (2010; өлкөдөгү калкынын саны боюнча эң ири шаар). Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэро­порту бар. 1902-ж. негизделген. Өлкөнүн мур-

Шаар көрүнүшү.

дагы борбору Зомба ш-нын ордуна 1975-ж. бор­бор болуп калган. Шаардын жаңы бөлүгүндө ар кандай администрациялык турак-жайлар, соода борборлору жайгашкан, Тамак-аш, жеңил ө. ж. ишкана­лары иштейт. Белек-бечкектер жасалып, саты­латынча А. ч-ны изилдөө станциясы (1948), Борбордук ветеринария лабораториясы (1974), медициналык, а. ч., техникалык коллеждер, Улуттук китепкана кызматы (1968; фонду 700 миң) бар. Жыл сайын тамеки аукциону өткөрүлүп турат.